Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 13
Момбеков айылынын чек ара тилкеси бойлото жол салуу жана, РОВ казуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен ГСМ алып берүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Чек ара тилкеси бойлото жол салуу жана , РОВ казуу үчүн айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ГСМ алып берүү үчүн акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. ГСМ алып берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жагы айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |