Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын 20-декабры № 5
Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планын бекитүү жөнүндө
Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылга түзүлгөн иш планы боюнча Кең-Талаа айылдык кеңешинин жооптуу катчысы И.Баховодиновдун окуусунда иш пландын долбоорун угуп жана талкуулап Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 06- декабрындагы № 01-25/329 буйругунун негизинде иштелип чыккан, Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин:
2. Ушул кабыл алынган иш пландын негизинде Кең-Талаа айылдык кеңеши 2025-жылы толугу менен өзгөртүүсүз иш алып баруусу камсыз кылынсын:
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кең-Талаа айылдык кеңешинин мамлекеттик мыйзамдуулук, коомдук тартип жана жарандардын укугун сактоо боюнча турукуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |
“Бекитемин”
“20” декабрь 2024-жыл
_______Б.Жумабайев
Кең-Талаа айылдык кеңешинин 2025-жылга карата иш планы:
№ | Сессияда аткарылуучу иш чааралар | Өткөрү мөөнөту | Жооптуулар |
| Январь 2025-жыл I- квартал |
|
|
1.
| Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жыйынтыгы жана айыл өкмөтүнүн социалдык –экономикалык негизги көрсөткүчтөрүнүн 2024-жылдын аткарылышы жөнүндө маалыматы жана 2025-жылга божомолу жөнүндө. Кең-Талаа айыл өкмөтүндө эл жана мал каттоонун жыйынтыгы жөнүндө |
2025-жыл январь |
Р.Жумабайев.
|
2. | Кең-Талаа айыл аймагынын элин турак- жай менен камсыз кылуу максатында айыл өкмөтүнүн жер жана турак-жай боюнча бөлүмүнүн аткарган иштери жөнүндө | 2025-жыл январь | Акимов Т. |
3. | Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн экономикалык өнүгүшүн камсыз кылуу.ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу | 2025-жыл январь | Өкмөт башчы |
4. | Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө | 2025-жыл январь | Өкмөт башчы ФЭБ башчы |
5.
| Кең-Талаа айыл аймагына караштуу жайыт комитетинин 2024-жыл ичинде аткарган иштери жана 2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө |
2025-жыл январь
|
Өкмөт башчы |
6. | Кең-Талаа айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын 2024-жылга түзгөн иш планын бекитүү | 2025-жыл январь | Кең-Талаа айылдык Кеңешининтуруктуу комиссияларынын төрагалары |
7 | Муниципалдык ишкананын 2024-жылдын отчету,2025-жылга бюджетин бекитүү | 2025-жыл январь | Тиллабаев И |
| 2025-жылдын II-кварталы |
|
|
1.
2. | Айыл өкмөтүнүн аймагында жашы жете элек балдар-дын зордук-зомбулукка кабылышы жөнүндө маалы-мат жана ага каршы иш чараларды кабыл алуу боюнча соц. адистердин жан соц. педагогдордун жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы малдардын ар кандай ыландар менен ооруусуна каршы курошуу боюнча ветсервистердин аткарып жаткан иштери жөнүндө |
2025-жыл апрель |
Өкмөт башчы
Мухаммаджонов Ф. |
3. | Жазгы талаа жумуштарынын абалы ,эгтндерди суу менен камсыздоо,талаачылык иштери жөнүндө | 2025-жыл апрель | Акимов Т |
4
| Элдин саламаттыгын сактоодо медициналык мекемелерде ГСВ,ФАП жана участкалык ооруканаларда тейлөө иштерин абалы жана аны көзөмөлдө жөнүндө | 2025жыл апрель
| Мадалиев О. Махадинов С. Туракулов С.
|
5. | Кең-Талаа айыл аймагына караштуу бардык мекеме-уюмдардын территориясын жана айылдарды жашылдандыруу иштерин абалы жана аны көзөмөлдө жөнүндө | 2025-жыл апрель | Өкмөт башчы Дадабоев К.
|
6. | Кең-Талаа айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын аткарган иштери жөнүндө | 2025-жыл апрель | Регламент,Депутаттык этика жана мандат боюнча,жеркиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү,жалпыга маалымдоо каражаттары,коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдошдуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиялардын төрагалары |
| 2024-жылдын III-кварталы |
|
|
1.
| Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн 2024-жылдын алты ай ичинде аткарылышы жана айыл аймагындагы айылдарга инвестиция тартуунун абалы жана өзгөчө кырдаалдар жана бюджетин аткарылышы жөнундө . | 2025-жыл июль |
Өкмөт башчы
Мухаммаджонов Ф. |
2. | Кең-Талаа айыл аймагына караштуу СПА, РЕС,почта,ишканаларынын жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө |
2025-жыл июль
|
СПА башчысы
|
3. | Кең-Талаа айылдык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын аткарган иштери жөнүндө | 2025-жыл июль | Мамлекеттик мыйзамдуулук,коомдук тартип жана жарындык укукту сактоо, бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиялары |
| 2024-жылдын IV-кварталы |
|
|
|
|
|
|
1. | Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 9-айында социалдык-экономикалык өнүгүүсүнун негизги көрсөткүчтөрүнүн жана бюджетинин аткарылышы,кышкы даярдык жөнүндө.
| 2025-жыл октябрь | Өкмөт башчы
|
2.
| Кең-Талаа айыл аймагынын алдындагы аскердик каттоо бөлүмүнүн адиси ,Аксакалдар соту,Ардагерлер кеңеши,Аялдар кеңешинин жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө | 2025-жыл октябрь | Муминов А. Миролимов С. Камолова С. Аскердик каттоо бөлүмүнун адиси |
3. | Кең-Талаа айылдык Кеңешинин маданият жана жаштар менен иштөө боюнча туруктуу комиссиясынын аткарган иштери жөнүндө | 2025-жыл октябрь | Туруктуу комиссиясынын төрагасы |
4. | Кең-Талаа айылдык Кеңешинин 2025-жылга иш планын бекитүү жөнүндө | 2025-жыл декабрь | Айылдык кеңештин жооптуу катчысы |
Кең-Талаа айылдык кеңешинин жооптуу катчысы: И.Баховодинов