Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 11
Момбеков айылынын тургуну М.Осмоновдун үйүнүн алдынан каналга чейинки 300 (үч жүз) метр сел арыкка латокторду орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. М.Осмоновдун үйүнүн алдынан каналга чейинки 300 (үч жүз) метр сел арыкка латокторду орнотуу жана оңдоп түзөө үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражаты ажыратылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет жана финансы маселелери боюнча туруктуу комитетине жана айыл өкмөтүнүн каржы экономика бөлүмүнө жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |