Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 9
Жайыт комитетине пайдаланууга берилген трактор иштебей тургандыгына байланыштуу кайрадан айыл өкмөтүнүн пайдалануусуна алуу жана трактордун кызмат көрсөтүүдөн түшкөн акча каражатын жайыт комитетине чегерип берүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынын Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII -чакырылышынын кезектеги 13-сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Жайыт комитетине пайдаланууга берилген трактор иштебей тургандыгына байланыштуу тракторду оңдотуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Тракторду оңдотуу үчүн айыл өкмөтүнүн бюджетинин эсебинен 100000 (жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |