ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXVII сессиясы
2024-жылдын 29-январындагы № 139-1
Москва району Петровка, Кызыл-Туу жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы долбоорлорун бекитүү жөнүндө
Москва районунун Петровка, Кызыл-Туу айылдарынын жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы долбоорун бекитүү жөнүндө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевдин маалыматын угуп, талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Москва районундагы Петровка, Кызыл-Туу жана Заводское айылдарынын 2047-жылдын аралыгына чейинки Башкы долбоору бекитилсин.Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгынан катталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А. Байсулдаевге жүктөлсүн.
Төрага | У.Абылдаев |