Загрузка документа…
КЕҢ-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-январы № 7
Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын бюджетинин аткарылышы жана 2025-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кең-Талаа айыл өкмөтү 2024-жылга коюлган бюджетинин аткарылышы 2025- жылга Кыргыз Республикасынын каржы министри тарабынан берилген контролдук цифра боюнча Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы К.Муратовдун жана айылдык кеңешинин Бюджет жана экономика боюнча труктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп жана Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылга бюджети жана 2025-2027-жылдарга долбоору жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкар жөнүндө мыйзамдарына ылайык түзүлгөндүгүн белгилейт.
Жогорудагыларды угуп жана талкуулап, Кең-Талаа айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К. Муратовдун билдирүүсү көңүлгө алынсын.
2.Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы бюджетинин аткарылышы жакшы деп табылсын.
3. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылдагы калдыгы 15726,8 кабыл алынган жергиликтүү бюджетине жыл ичиндеги өзгөрүүлөр жана толуктоолор менен жалпы жыл ичинде бюджет 56276,7 миң сом эсебинде киреше жана 50567,9 миң сом чыгашалары бекитилсин.
4. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин киреше жана чыгашалары 48998,3 миң сом өлчөмүндө алымча кошумчаларын тактоо менен бекитилсин.
5. 2025-жылга Республикалык бюджеттен берилүүчү өлчөмдөрү каралып,биринчи кезекте эмгек акы жана социалдык фондко жана тамак - ашка жана коммуналдык чыгымдарга чыгымдала тургандыгы белгиленсин, алардын өлчөмдөрү 27297,3 миң сом бекитилсин .
6. Райондук казына бөлүмү аркылуу Кең-Талаа айылдык кеңешинин аймагынан чогулган салыктар, жыйымдар жана атайын каражаттар Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн эсебине топтоштурулуп чыгымдалышына жетишилсин.
7. 2025-жылга Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарын каржылооанын киреше бөлүгүнүн аткарылышына жараша жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин, анын ичинен биринчи кезекте корголуучу статьялар боюнча (Эмгек акыларды төлөө , соц фонд чегерүү , коммуналдык кызматтарга жана тамак – аш сатып алууга).
8. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын негизинде Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдык клубдар, китепканалар, коргонуу, соц коргоо, билим берүү жана бала бакчаларга жеңилдиктер Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгарылсын.
9. 1-Январь 2025-жылга бюджеттик каражаттардан калган 15726,8 миң сом акча каражаттарынын сметасы бекитилсин.
10. 1-Январь 2025-жылга атайын эсептен калган 200,0 миң сомдук акча каражаттарынын сметасы бекитилсин.
11. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2024-жылда каржыланбай калган чыгымдарды 2025-жылга каралган бюджетинин чегинде каржылансын.
12. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджетине киргизилген өзгөртүүлөр айылдык кеңештин сессиясында жактырылгандан кийин аткарууга алынары белгиленсин.
13. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн бюджети боюнча 2025-жылдын 1-январына карата жүргүзүлүүчү кассалык накталай акча 00,0 миң суммасында белгиленсин.
14. Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн 2025-жылга каралган бюджети 2025-жылдын 1-январынан ишке баштап киргизилсин.
15. Бул чечимдин аткарылышын камсыздоо Кең-Талаа айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы К.Муратовго көзөмөлдөө Кең-Талаа айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кең-Талаа айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Жумабайев |