Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 5
Ноокен РИИБнү боюнча ЖКККнын бөлүмчөсү тарабынан 20-6/14-339 катынын негизинде түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн өздүк салым катарында 1000000 млн сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынындагы Ноокен РИИБнү боюнча ЖКККнын бөлүмчөсүтарабынан 20-6/14-339 катынын негизинде түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн өздүк салым катарында 1000000 млн сом акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Ош-Бишкек авто жолуна асфальт төшөлүп жол белгилери толугу менен коюлбай кооптуу болуп калгандыктан Чек айылынан Жаңы-Кыштак айылына чейин түнкү жарыктандыруу орнотуу үчүн 1000000 млн сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен ажыратылып берилсин.
3. Тийиштүү документин даярдоо жагы айыл өкмөтүнүн жер боюнча башкы адиси Б Жакыбалиевага милдеттендирилсин.
4. Түнкү жарыктандырууну орнотуу үчүн тийиштүү документтерди даярдоо үчүн Ноокен архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Т Эгембердиевге жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |