Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 4
Эски Кочкор-Ата айылына комплекс куруу үчүн мурдагы изолятордун багытын өзгөртүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагынындагы Эски Кочкор-Ата айылына комплекс куруу үчүн мурдагы изолятордун багытын өзгөртүү жөнүндөгү күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Момбеков айыл өкмөтүнүн Эски Кочкор-Ата айылындагы мурдагы изолятордун ордуна комплекс куруу үчүн багытын (профилин) өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Жогорудагы жер аянтына тийиштүү документтерди даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |