Загрузка документа…
МОМБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 23-сентябрындагы № 03
Бишкек-Ош жолунун боюндагы мектеп жана балдар бакчаларына өтүүчү жолго светофорду орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндө
Момбеков айыл аймагындагы Бишкек-Ош жолунун боюндагы мектеп жана балдар бакчаларына өтүүчү жолго светофорду орнотуу үчүн макулдук берүү жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап, Момбеков айылдык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын 13-сессиясы токтом кылат:
1. Момбеков айыл өкмөтүнүн жер боюнча адиси Б Жакыбалиеванын маалыматы эске алынсын.
2. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмчөсүнүн 23.08.2022-жыл № 20-6/14-327 катынын негизинде Ош-Бишкек авто жолунун жээгине Чек, Жазгак, Бостон, Момбеков, Курулуш айылындарындагы мектеп окуучулары өтүүчү жерлерге светофор орнотууга макулдук берилсин.
3. Жогорудагы тийиштүү документтерди даярдоо жагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен филиалынан жана Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармасынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
| И Абдыразак уулу |