ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
ХХVIII- чакырыгынын ирээттеги XXIX сессиясы
2024-жылдын 16-февралындагы № 140-1
Жер которууга (трансформациялоого) макулдук берүү жөнүндө
Петровка айыл аймагынын 746 контурунда жайгашкан 1,2 га, жайыт жерлери Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 11 жана 13 беренелерине ылайык “Жер тилкелеринин багытын которуу (трансформациялоо)” Мыйзамынын негизинде берген арыздарды карап жана талкуулап.
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл аймагынын аймагында жайгашкан №746 контурдагы 1,2 га жер участогун айыл чарба багытындагы жерлер категориясынан жайыт категориясына которууга (трансформациялоого) жана калктуу конуштун - футбол аянтчасын курууга, жер участогун кургатуу үчүн дренаждык системаны салууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Москва райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсульдаевге милдеттендирилсин.
Төрага | У.Абылдаев |