Загрузка документа…
ПЕТРОВКА АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 16-февралындагы № 141-2
Жер казынасын пайдалануу укугуна макулдук берүү жөнүндө
“Бултуке” өзөнүндөгү чопо сланец кендерин иштетүү үчүн Петровка айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.А.Байсулдаевдин маалыматын угуп жана талкуулап
Петровка айылдык кенеши:
ТОКТОМ ЧЫГАРАТ:
1. Петровка айыл аймагынын “Бултуке” өзөнүндөгү №171 контурдагы 19,02 га аянтында жайгашкан жер тилкесин жер казынасын өздөштүрүү максатында «Кыргызкенчи» жоопкерчилиги чектелген коомуна 2023-жылдын 28-мартында берилген №7318ТЕ лицензиясында белгиленген мөөнөткө, жер казынасын убактылуу пайдалануу укугуна макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Петровка айыл өкмөтүнүн башчысына Ж.А. Байсульдаевге милдеттендирилсин.
Төрага | У.Абылдаев |