Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №2
Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын
12 айында аткарган иштери жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановдун 2024-жылдын 12 ай ичинде Үч-Терек айыл өкмөтүндө жасалган иштер боюнча отчетун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябры № 123«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республика-сынын мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-пунктун негиздеп, айылдык кеңештин кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдын 12 айында аткарылган иштери боюнча отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Үч-Терек айыл өкмөтүндө жасалган иштер боюнча жарым жылдык жана жылдык отчетту даярдоодо аткарылган жумуштардын суммасы ар бир тармак боюнча жана жалпы таблица жүзүндө көрсөтүлүүсү эске алынсын.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |