Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №5
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мобилдик уюлдук базалык станциялар жайгашкан участоктордун ижара акысын бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагында мобилдик уюлдук базалык станциялар жайгашкан участоктордун ижара акысын, 2025-жылга карата инфляцияны эске алуу менен бекитип берүү жөнүндөгү, айыл өкмөтүнүн жайыт адиси К. Сыргабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 ”Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамын 34-беренесин негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы мобилдик уюлдук базалык станциялар жайгашкан участоктордун ижара акысы, инфляцияны эске алуу менен 10000 сомдон кем эмес өлчөмүндө бекитилсин.
2. Ижара акылардын бекитилген тарифтин негизинде, эки тараптуу ижара келишиминде көрсөтүлгөн мөөнөттө жергиликтүү бюджетке түшүүсүн өз убагында камсыздоо жагы жайыт адиси К.Сыргабаевке жана айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысына, көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |