Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XXXVI КЕЗЕКСИЗ СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 5-августу № 223/36-5
Токмок ш. аймактык шайлоо комиссияларынын
резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө» Мыйзамынын жана «Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө» Жобонун негизинде, Токмок шаардык кеӊешинин мандат боюнча депутаттардын этикасы жана өзүн өзү башкарууну калыптандыруу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколун эске алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токмок шаарынын участкалык шайлоо комиссиясынын резервине көрсөтүлгөн талапкерлердин тизмеси Кемин-Токмок-Чүй шайлоо округуна жөнөтүлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин мандаттык, депутаттардын этикасы жана өз алдынча башкаруунун түзүлүшү боюнча турукту депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Эскертүү: Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигиндеги тиркемелер кагаз түрүндө
Төрага | Т.М. Сансызбаев |