Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясынын
2025-жылдын 14-февралындагы | №1 |
|
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 21 жана 34 беренелеринин негизинде Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставын айылдык жыйындарда талкуулоонун жыйынтыгы менен, депутаттардын сунуш-пикирлерин эсепке алуу менен, күн тартибиндеги маселени талкуулап, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү жамаатынын Уставы бекитилсин (тиркелет).
2. Ушул Токтом жана Барскоон жергиликтүү жамаатынын Уставы вебсайтка жарыялансын.
3. Вебсайтка расмий жарыялоо жана Мамлекеттик ченемдик-укуктук актылардын реестрине каттоо ишин алып баруу кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө регламент жана мандат комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага Ажыбеков Ч.А.