БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы №2
Барскоон айыл аймагынын
2025-жылга жана 2026-2027-жылдардын пландык мезгилине
жергиликтүү бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин жана КРнын “Жергиликтүү администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34 жана 39 беренелерин жетекчиликке алып, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- 2025-жылга айыл аймактын айыл ѳкмѳтүнѳ келип түшкѳн кирешелер жана чыгашалар №1-тиркемеге ылайык 77930,3 миң сом, атайын каражат 5661,1 миң сом, бардыгы 83591,4 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- Жергиликтүү бюджеттен 2025-жылга келип түшүүчү кирешелердин кѳлѳмү №2-тиркемеге ылайык 83591,4 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- 2026-жылга бюджеттик долбоору №3-тиркемеге ылайык 88367,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- 2027-жылга бюджеттин долбоору №4-тиркемеге ылайык 98505,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- Жергиликтүү бюджетке 2025-жылга жайыт акысынан келип түшүүчү киреше жана чыгашалар 650,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- 2025-жылга ѳзгѳчѳ кырдаалдар учуруна бюжетте каралган 700,0 миң сом акча каражаты пайдаланылбай калса, башка беренелерге которуп пайдаланууга уруксат берилсин.
- Жергиликтүү кеңештин тѳрагасынын эмгек акысы жыл ичинде ѳткѳргѳн он алты сессияга 6500 сом жана социалдык камсыздандыруу фондусуна 1121 сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- Айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын резервдик фондусу 1600,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ бекитилсин.
- Каржы Министрлигинен жыл ичинде бекитилген «Байчечекей», «Бугу Эне», “Барскоон” “Т.Орумбаев” мектепке чейинки билим берүү уюмунун мекемелеринин тамак-аш чыгымдарына атайын каражаттан 5 661,1 миң сом ѳлчѳмүндѳ акча каражаты бекитилсин.
- Чыгашаларды каржылоо 2025-жылда факт түрүндө топтолгон кирешелердин эсебинен жүргүзүлөт. Ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелерди (айлык акы, КРнын Соцфондуна чегерүүлөр, медикаменттер, балдардын тамак-ашы) каржылоо керек.
- Айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаевге:
· ушул токтом менен бекитилген бюджеттик параметрлерди зарылчылыктан улам өзгөртүүдө токтомго кеңеш толуктоо же өзгөртүү киргизгенге чейин Барскоон жергиликтүү кеңешинин экономика, бюджет, каржы жана инвестиция тартуу иштери боюнча туруктуу комиссиянын макулдугу менен иш алып баруусуна уруксат берилет.
· бөлүнгөн каражаттарды чыгымдоодо максаттуу пайдалануу боюнча көзөмөлдү ишке ашырсын.
- 2024-жылы каржыланбай калган чыгашалар 2025-жылдын бюджетинин эсебинен жана каралган чектин алкагында гана ишке ашырылсын.
- Бюжеттик мекеме жана ишканаларга атайын эсептин каражаттарын казына системасынан сырткары колдонуусуна тыюу салынат. Бул тартип бузулган учурда ошол атайын эсептин каражаттары 100% жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө которулат.
- Барскоон айыл аймагынын бюджетинен каражаттарды максатсыз пайдаланган учурда, аталган каражат толугу менен бюджетке кайтарылышы керек.
- Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө кеңештин төрагасы Ч.А.Ажыбековго жана ал эми аткаруу жагы Айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага Ажыбеков Ч.А.