Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №7
Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмегин жана кошумча стандарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген ыйгарым укуктарга ылайык, айыл өкмөтү тарабынан акысыз жана акы төлөө негизинде, жеке жана юридикалык жактарга көрсөтүлүүчү муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча минималдуу тизмегин жана стандарттарын бекитип берүү жөнүндөгү Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2024-жылдын 19-декабрындагы №772 “Мамлекеттик органдардын жана алардын ведомстволук мекемелеринин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрүнүн реестрин түзүү тартиби жөнүндө” токтомун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл өкмөтү тарабынан иштелип чыккан, “муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча минималдуу тизмеги жана стандарттары” тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |