Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №8
Үч-Терек айылындагы жеке менчиктеги, коммерциялык багыттагы жер аянтынын багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
Үч-Терек айылынын тургуну А.Саметовдун, Үч-Терек айылынын Жумалиев Абдимиталип көчөсүнүн №19 дарегиндеги 4500 м2 чайхана куруу үчүн чечими чыгарылган коммерциялык багыттагы жер аянтынын багытын өзгөртүп, 1500 м2 жер аянтын турак жай багытындагы жер аянтына которууга жана 3000 м2 жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга макулдук берүү жөнүндөгү кай-рылуусунун негизинде, айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 2-пунктун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылынын Жумалиев Абдимиталип көчөсүнүн №19 дарегиндеги 4500 м2 чайхана куруу үчүн чечими чыгарылган коммерциялык багыттагы жер аянтынын багытын өзгөртүп, анын ичинен 1500 м2 жер аянтын турак жай багытындагы жер аянтына которууга жана 3000 м2 жер аянтын көрктөндүрүү жана жашылдандырууга которууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |