Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №9
Тоннель салуу үчүн жайыт жер аянтынын багытын өзгөртүүгө
макулдук берүү жөнүндө
Япония өлкөсүнүн JICA эл аралык агентствосунун каржылоосу менен, Үч-Терек айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош автожолунун 400чү километрине узундугу 742м тоннель куруу үчүн, №1544, №1545, 1546 жана 1547 контурлардагы жайыт жерлердин багытын өзгөртүп, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берүү жөнүндөгү айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 12-беренесинин 2-пунктун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагына караштуу Бишкек-Ош автожолунун 400чү километриндеги №1544, №1545, 1546 жана 1547 контурлардагы жайыт жерлердин багытын өзгөртүп, өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика, коргоо жана башка багыттагы жерлер категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Аталган жер аянтынын багытын өзгөртүү боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн жер адиси М.Келгенбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |