Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №10
Үй-тиричилик калдыктарын (таштанды) ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жашоочулардын үй-тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруунун тарифин карап бекитип берүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысы Р.Омуркановдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айылдардын санитардык–экологиялык абалын жакшыртуу жана үй-тиричилик калдыктарын (таштандыларды) ташып чыгаруу боюнча коммуналдык кызматтар чөйрөсүндө өнүгүүгө шарттарды түзүү максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагында 2025-жылдын 01-мартынан тартып, үй-тиричилик калдыктарын (таштанды) ташып чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүнүн тарифи ар бир кожолукка айына 150 сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Айыл ичиндеги үй-тиричилик калдыктарын (таштанды) ташып чыгаруунун акысын бекитилген тарифтин негизинде, ай сайын мөөнөттөн кечиктирбей “Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишкананын эсебине түшүүсүн камсыздоо боюнча иш алып баруу жагы муниципалдык ишкананын жетекчисине, көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары жооптуу катчы З.Кигаровага милдеттендирилсин.
3. Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысына жана Үч-Терек таза суу муниципалдык ишканасынын жетекчисине үй-тиричилик калдыктарын (таштанды) ташып чыгаруу боюнча иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы, Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |