Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №11
Үч-Терек айыл аймагында турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү жөнүндө
Токтогул райондук мамлекеттик салык кызматынын 2025-жылдын 24-январындагы чыгыш №01-08/51 сандуу катына ылайык, Үч-Терек айыл аймагындагы турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставканы бекитүү зарылдыгы жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесинин 1, 2-пункт-тарына жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна таянып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышы токтом кылат:
1. Үч-Терек айыл аймагындагы турак жайларга салык эсептөөдө базалык ставка тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
3. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |
Үч-Терек айылдык кеңешинин
IX чакырылышынын кезектеги
V сессиясынын 2025-жылдын
29-январындагы №11 токтомуна
Тиркеме
Үч-Терек айыл аймагындагы турак жайларга салыктын базалык ставкасы
Дубалдын материалдары | Эксплуатациялоо мөөнөтү | Базалык салык наркы, сом менен |
Кирпич, жыгач , монолит бетон же жыйнама жана темир бетон , бетон блоктору, пескоблок, пеноблок, пено бетон, айнек, сендвич. | 5жылга чейин | 7 |
5-15 жыл | 6 | |
15-30жыл | 5 | |
30-45жыл | 5 | |
45 жылдан жогору | 4 | |
Чийки топурак (саман колек ,сокмо) шлако-блок,полистирол, курулуш блок | 5жылга чейин | 4 |
5-15 жыл | 4 | |
15-30 жыл | 3 | |
30-45жыл | 3 | |
45 жылдан жогору | 2 | |
металл | Эксплутациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 4 |
Башка материалдар жана убактылуу жайлардагы материалдар | Эксплутациялоо мөөнөтүнө тиешесиз | 3 |
Орточо базалык салыктын ставкасы | 4,16 | |
|
|
|
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы: Р. Омурканов