Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №12
Үч-Терек айыл аймагынын К3 зоналык коэффициентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 404-беренесинин 4-пунктунун негизинде, Үч-Терек айыл аймагында К3 зоналык коэффициентин бекитүү зарылдыгы жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын сунушун жана маалыматын угуп жана талкуулап чыгып, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 13-беренесинин 1, 2-пункттарына, 48-беренесине жана 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктуна таянып, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышы токтом кылат:
1. 2026-жылдын 1-январынан баштап, Үч-Терек айыл аймагында зоналык коэффициент “К3=1,5 өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомду аткарууга алуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Р.Т.Омуркановго жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
4. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |