М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы
2023-жылдын 15-февралындагы № 89
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн 2022-жылдан калдык акча каражатын бекитүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын кезектеги 19-сессиясы Чолпон-Ата айыл аймагынын айыл өкмөтүнун 2023-жылга жергиликтү бюджетин кабыл алуу жөнүндө төмөндөгү акча каражатын сессияда бекитүү үчүн Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчы А.Жолдошбекованын билдирүүсүн угуп,талкуулап айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ.
1. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн негизги счетунда 2022-жылдын 1-январына калдык сумма 2414,0 сом акча каражаты жергиликтүү бюджетине кабыл алынсын. Чолпон-Ата айыл өкмотүнүн спец счетундагы 13,1 акча каражытын (2215) беренесине коюлуп берилсин.
2. Сессияда каралган 2414,0 акча каражатка төмөндөгүдөй беренелерге коюлуп берилсин.
3111- 2131,2 (Аппарат )
3112- 250,0 (Аппарат )
2215-32,8 (Аппарат)
жалпы 2414,0
3. Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Жолдошбековага милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасы Т.Тургунбаевке милдеттендирилсин.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
7. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |