М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезектеги
18-сессиясы
2023-жылдын 03-февралындагы № 87
Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн ижарага берилүүчү жер аянттарынын ижара акыларын бекиткен М Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жыл 29-мартагы №-14-токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын же кодексинин Кыргыз Республикасынын жогорку кеңешинин 2007-жыл 29-июнунадагы № 1997-111 токтомун, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын22-июнунундагы № 234 токтомун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 9-сентябрь 2022-жылдагы №494 токтомун жетекчиликке алып жана айыл аймагындагы жакырчылыктын деңгээлин азайтуу,айыл аймагынын атуулдарын айдоо жер менен көбүрөөк камсыз кылуу максатында
Мамбет Абдылдаев айылдык кеңеши Т О К Т ОМ К Ы Л А Т:
1. Чолпон-Ата айылдык кеңешинин ижарага берилүүчү жер аянттарынын ижара акыларын бекиткен М Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жыл №--токтому М Абдылдаев айылдык кеңешинин 2017-жыл №-токтому ижара акылары жаңыдан бекитилип жаткандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Токтомдун № 1 тиркемесине ылайык Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн алдындагы жер комиссиянын мүчөлөрүнө өзгөртүүлөр киргизилип,жаңы курамы бекитилсин бекитилсин.
3. Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун ижара акыларынын баштапкы баасы төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин.
· Барчын,Имерилиш,Бел участкаларына бардык жактарга ижара акысы 1 га 5000 сом
· Башка жерлерге юридикалык жактарга 1 га 5000 сом , жеке (физикалык) жактрга 2000 сом.
· Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жыл 29-июнунадагы № 1997-111 токтомунун 4 беренсинин 69-бөлүмүндө белгиленген жактарга,16 жашка чейинки 4 баласы бар атуулдарга 1 га 1000 сом.
4. Айыл аймагынын муниципалдык менчиктеги жерлер жана айылдын кеңейтүүгө калтырылган айыл арасындагы жерлер ижарага берилбестен,Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жыл 29-июнунадагы № 1997-111 токтомунун 4,4.1 беренелеринин 69,70,71,72,73,-бөлүмүндө белгиленген жактарга берилсин;ижара акысы аталдган Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңешинин 2007-жыл 29-июнунадагы № 1997-111 токтомунун 4.1-беренесиинин 73-бөлүмүнө белгиленгендей жер салыгынын өлчөмүндө бекитилсин.
5. Айыл аймагынын атуулдарын айдоо жер менен көбүрөөк камсыз кылуу максатында АЖМФ жерлеринин атуулдарга берүүгө айдоо жер аянтына чектөөлөр киргизилип,бир атуулга 1 га жерден ашырылбасын.
6. Айыл аймагынын атуулдарын айдоо жер менен көбүрөөк камсыз кылуу максатында АЖМФ жерлеринин атуулдарга берүүгө Чолпон-Ата айыл аймагындагы каттоодо турган атуулдарга ижарга берүү үчүн артыкчылыктуу укук берилсин.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө муниципиалдык менчик,жер,жайыт,экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсун
8. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
9. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
10. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө киреn.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |