Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-1
“Сузак районунун ардактуу атуулу”
наамына сунуштоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңештин Регламентин негиздеп, татыктуу жарандарды сунуштаган айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын кеңешмесиндеги маалыматты угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Сузак районунун социалдык, билим берүү, коргоо тармагына, экономикалык өсүп өнүгүүгө зор салым кошкон жана үзүрлүү эмгектенген төмөнкү жаран “Сузак районунун Ардактуу атуулу” наамына сунушталсын:
· Көкөнбай уулу Нурбек - Кызыл-Сеңгир айылынын тургуну, Жалал-Абад шаарындагы Заманбап эл аралык университетинин англис тили кафедрасынын башчысы, доцент.
2. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |