Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-5
Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы
ички көчөгө ысым ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын негиздеп, Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 25-сентябрындагы №67 “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 7-беренесине ылайык, Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы ички көчөсүнө Маматкулов Арапбайдын ысымын ыйгаруу жөнүндөгү айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун негиздеп жана сунушун угуп, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Талаа-Булак айылынын Көк-Булак участкасындагы ички көчөсүнө Маматкулов Арапбайдын ысымы ыйгарылсын.
2. Мындан ары жогорудагы белгиленген көчө Маматкулов Арапбай атындагы көчө деп аталсын.
3. Көчөгө Кыргыз Республикасынын шаар жана айыл жергелеринин өнүгүү процесстеринин талабына ылайык символикасы белгиленсин.
4. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |