Загрузка документа…
М.АБДЫЛДАЕВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2022-жылдын 26-декабрындагы № 81
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 151-беренесинин 1 пунктунун 1-пунктчасынын негизинде Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө 2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү жергиликтүү салыктын түрлөрүн киргизүү жөнүндө
М.Абдылдаев айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз 17-сессиясы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнүн салык кызматкери Э.Нусуповдун кайрылуусун угуп, талкуулап токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 151-беренесинин 1 пунктунун 1-пунктчасынын негизинде Чолпон-Ата айыл аймагынын Чолпон-Ата айыл өкмөтүнө 2023-жылдын 1-январынан баштап төмөндөгү жергиликтүү салыктын түрлөрү киргизилсин.
*Айыл чарба багытындагы жер салыктары
*Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы
*Короо жай жана багбанчылык боюнча участкалардын жер салыгы
*I-II-III-топтогу кыймылсыз мүлк салыктары
*IV топтогу кыймылдуу мүлк салыгы
2. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон-Ата айыл өкмөтүнун ФЭБ башчысы А.Жолдошбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга(Т.Тургунбаевге) тапшырылсын.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
5. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу,көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (Д.Турумкулова) тапшырылсын.
6. Бул токтом www.cholpon-ata.com сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
Төрайым: |
| Р.Токтоназарова |