Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3/14
Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасына бир жолку компенсациясын жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 40-беренесинин
6-пунктун турмушка ашыруу максатында Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенеши токтом кылат:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кенешинин төрагасына бир жолку компенсациясы жергиликтүү бюджеттин эсебинен төлөнүп берилсин.
2. Бир жолку компенсациясын эсептөө айыл өкмөт башчысынын кызматтык эмгек акысынын негизинде эсептелсин.
3. Бир жолку компенсацияны эсептеп төлөп берүү жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Р. Калмамбетовага милдеттендирилсин.
Төрага |
Ч. Бейшеев |