Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3/16
Айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды
алып чыгуу жыйымынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Салыктык эмес кирешелер жөнүндө» Кодексинин
74-75-беренелерине жана «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымы
бир үй чарбага (түтүнгө) 50 (элүү) сом өлчөмүндө өзгөрүүсүз бекитилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдарынан таштандыларды алып чыгуу жыйымын 1-квартал ичинде чогултуп, төгүү мөөнөтү белгиленсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |