Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-январы № 3/17
2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине, турак-жай имараттарына жана жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 20-октябрь 2021-жылдагы «Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 33-34-беренелерине ылайык, Сары-Булак айыл өкмөтүнүн таштанды, ичүүчү таза суу жана ирригация маселелери боюнча жетектөөчү адиси Д. Тайдаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин «Салык салуу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендиги тууралуу», 2025-2027-жылдарга салык мезгилдерине пайдаланууга берилген турак-жай имараттарына жана жайларга салыктык ставкаларды 100 (бир жүз) сомдон ашпаган суммада көтөрүү боюнча талкууланып, турак-жайларга болгон салык 8 (сегиз) сом 41 (кырк бир) тыйын болуп бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |