Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттарды VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 17-февралы №4/19
Сары-Булак айылына милиция бөлүмчөсүн курууга
жер участогуна макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин» 18-беренесинин 4-пунктунун негизинде айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, муниципалдык менчик, коммуналдык маселелер, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын аймагындагы Сары-Булак айылынын күн батыш тарабынын Бишкек-Торугарт авто жолунун түндүгүндөгү контуру №1801 жалпы аянты 4,22 га калктуу конуштун жерине кирген участоктон айылдык милиция бөлүмчөсүн 0,10 га жер аянтына курууга макулдук берилсин.
2. Жер участогун берүү боюнча иштерди жүргүзүү жана уюштурууга атайын түзүлгөн комиссия менен биргеликте Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык иш жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн жер ресурстары, турак-жай, коммуналдык маселелер, муниципалдык менчик, агрардык жана айыл чарбасы маселелери боюнча жетектөөчү адиси Ж. Өзүбековго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы жер, жайыт, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш, транспорт жана экология, айыл чарбасы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага |
Ч. Бейшеев |