Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТУУ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясынын
2025-жылдын 14-февралындагы № 3
|
Барскоон айыл аймагында жайыт жана мал чарба багытында иш алып баруучу муниципалдык ишкана түзүү жөнүндө
Барскоон айыл аймагында жайыт жана мал чарба багытында жергиликтүү маанидеги маселелерди ыкчам чечүүнү камсыз кылуу, бул багытта калкка сапаттуу кызмат көрсөтүп, аймактын экономикалык өсүп-өнүгүүсүнө түрткү берүү максатында КРнын Граждандык Кодексинин 85-беренесине, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 65-беренесине таянып, ошондой эле Барскоон айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевдин муниципалдык ишкана түзүү боюнча сунуштаган техникалык-экономикалык негиздемесине жана туруктуу комиссиялардын (бюджеттик жана муниципалдык менчик) корутундуларына ылайык күн тартибиндеги маселени талкуулап, сунуш-пикирлерди эсепке алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
· Жаңы түзүлүүчү ишкананын аталышын аныктап, Уставын, курамын жана штаттык бирдигин бекитип, тиешелүү мамлекеттик органдардан каттоодон өткөрсүн.
· Барскоон жана Тамга айыл аймактарында мурда иш алып барып келген бирикмелердин мүлктүк, каржылык абалына инвентаризация жасап, актыларды түзүп, өткөрүп алсын. КРнын Граждандык кодексинин 224 жана 227-беренелерине, КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 1-беренесине ылайык жаңыдан түзүлүп жаткан ишканага берилүүчү муниципалдык менчиктерди бекитип берүү тууралуу ишкана менен келишимдерди түзсүн. Чарбалык колдонууга жана ыкчам башкарууга берилген муниципалдык мүлктөрдүн реестрин түзүп чыксын.
· Уставдык максаттар менен милдеттерге жетүү үчүн, ошондой эле калкка кызмат көрсөтүүнү жаңы деңгээлге көтөрүү максатында түзүлүп жаткан ишканага уюштуруу, каржылык, консультациялык жардамдар көрсөтүлсүн.
· Квалификациялуу жана кесипкөй адистерди тартуу, уставдык максаттар менен милдеттерге жетүүдө атаандаштык жол менен татыктуу кадр тандоо, ошондой эле субъективдүүлүк жана коррупциялык факторлорду болтурбоо максатында жаңы түзүлүп жаткан ишкананын жетекчисин жана кызматкерлерин жумушка кабыл алууда КРнын Эмгек Кодексинин 14, 16, 17 жана 323-беренелерине таянып, ачык конкурс уюштуруу жолу менен иш алып баруу сунушталат.
· Жаңы түзүлгөн ишкананын ишмердүүлүгү, аткарылган иштер тууралуу отчетту 6 айдын жыйынтыгы менен кеңештин сессиясына алып чыксын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.