Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 11-марты № 126
Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө
"Жер казынасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык келтирүү, жер казынасын пайдаланууну жөнгө салуу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 29-декабрындагы № 723 "Бекитилген программа боюнча аткарылуучу жер казынасын изилдөө боюнча илимий-изилдөө иштерин мамлекеттик каттоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин-Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 14-мартындагы № 19 (3657) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |