Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 6
Барскоон айыл аймагындагы коммуналдык, техникалык жана башка кызмат көрсөтүү төлөмдөрүнүн акысын бекитүү жѳнүндѳ
КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесинин 11-пунктуна жана КРнын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” мыйзамынын 19-беренесине ылайык, Барскоон айыл аймагында коммуналдык жана башка кызмат көрсөтүү иштерин талкуулап, айылдык жыйындардын чечимдеринин жана туруктуу комиссиялардын корутундуларынын негизинде, Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1.1. Барскоон айылы боюнча:
· Кой, эчки жандыктарын багуу акысы айына 100 (бир жүз) сом, жайыт пайдалануу акысы айына 5 (беш) сом;
· Уй, жылкы, топоз жандыктарын багуу акысы айына 500 (беш жүз) сом, жайыт пайдалануу акысы айына 25 (жыйырма беш) сом.
1.2. Тамга, Тосор айылдары боюнча:
· Кой, эчки жандыктарын багуу акысы айына 90 (токсон) сом, жайыт пайдалануу акысы айына 5 (беш) сом;
· Уй, жылкы, топоз жандыктарын багуу акысы айына 450 (төрт жүз элүү) сом, жайыт пайдалануу акысы айына 25 (жыйырма беш) сом.
1.3. Бекитилген тариф сезон учурундагы 6 айлык мөөнөттөн кийинки айлар үчүн дагы милдеттүү болуп эсептелет. Чабандар жана алардын кызматынан пайдаланган айыл тургундары мал багууда бекитилген тарифти өзүм билемдик менен жогорулатпастан, түзүлгөн келишимдин негизинде иш алып баруусу милдеттендирилсин жана токтомдун жоболорун бузган учурда мыйзам чегинде жоопко тартыла тургандыгы эскертилсин.
1.4. Мал багуу жана жайыт пайдалануу акыларын төлөө өз мөөнөтүндө жана туура жүргүзүлүүсүн кѳзѳмѳлдѳѳ жана жыйналган акча каражаттарын өз максатында чыгымдоо жагы “Жайыт жана мал чарбасы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
2.1. Барскоон айылынын тургундары үчүн жан башына айына 20 (жыйырма) сом;
2.2. Тамга айылынын насос аркылуу суу пайдаланган тургундары үчүн жан башына 1 м3 үчүн айына 33,29 (отуз үч сом жыйырма тогуз тыйын) сом, ал эми эски суу түтүгүнөн пайдалануучулар үчүн жан башына айына 20 (жыйырма) сом;
2.3. Тосор айылынын тургундары үчүн жан башына айына 50 (элүү) сом.
2.4. Таза сууну пайдалануучу абоненттердин санын тактоо, бекитилген тариф боюнча төлөмдөрдү өз учурунда жыйноо жана чогулган каражаттарды өз максатында чыгымдоо жагы “Таза суу жана сугат суу чарбасы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
3.1. Үлүш жерлер, анын ичинде өздөштүрүлгөн жерлер үчүн 1 га жер аянтына 1000 (бир миң) сом;
3.2. Калктуу конуштагы чарбак жер тилкелерин сугарууга 100 (бир жүз) сом.
3.3. Сугат сууну пайдалануучу абоненттердин санын тактоо, бекитилген тариф боюнча төлөмдөрдү өз учурунда жыйноо жана чогулган каражаттарды өз максатында чыгымдоо жагы “Таза суу жана сугат суу чарбасы” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
4.1. Турмуш-тиричилик калдыктары үчүн ар бир кожолуктан айына 100 (бир жүз) сом.
4.2. Жер айдоого гектарына 2000 (эки миң) сом жана 30 (отуз) литр күйүүчү май.
4.3. Үрөн себүүгө гектарына 1000 (бир миң) сом жана 10 (он) литр күйүүчү май.
4.4. Чөп тырмоо кызматы гектарына 1000 (бир миң) сом жана 15 (он беш) литр күйүүчү май.
4.5. Чөп чабуу кызматы (косилка) гектарына 1500 (бир миң беш жүз) сом жана 15 (он беш) литр күйүүчү май.
4.6. Эгин чабуу эгиндин түрүнө карабай гектарына 2000 (эки миң) сом жана 15 (он беш) литр күйүүчү май.
4.7. Дары чачуу кызматы гектарына 1000 (бир миң) сом жана 10 (он) литр күйүүчү май.
4.8. Таштандылардан тазалоо жана айыл чарба багытында техникалык кызмат көрсөтүү боюнча төлөмдөрдүн толук жана өз учурунда жыйналышын көзөмөлдөө, ошондой эле чогулган каражаттардын өз максатында чыгымдалышын аткаруу “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына милдеттендирилсин.
Төрага Ажыбеков Ч.А.