Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-8
Жашасын-2 айылындагы № 111 И.Стамкулов атындагы орто мектебине спорттук зал курууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 24-январындагы № 01-28/98 сандуу кайрылуу катынын негизинде, айылдык кеңештин маданият, спорт жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Жашасын-2 айылындагы № 111 И.Стамкулов атындагы орто мектебине спорттук зал курууга макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |