Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-9
Айыл аймактагы таза суу скважиналары жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 29-апрелиндеги № 207 “Суу чарба секторун натыйжалуу башкаруу жана өнүктүрүү жөнүндө” токтомун, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын 2024-жылдын 13-майындагы № 27-3947 сандуу тапшырмасын, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-январындагы № 01-28/24 сандуу кайрылуу катын негиздеп, айылдык кеңештин айыл чарба, архитектура, курулуш, транспорт, экология жана өзгөчө кырдаалдар маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын баяндамасынын сунушун угуп жана талкуулап Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасынын балансында турган 26 таза суу скважиналарын Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу суу ресурстары кызматынын Сузак райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Мыйзам негизинде керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөттүн тиешелүү адистерине жана “Кызыл-Туу кызмат” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Халбаевге жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |