БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясынын
2025-жылдын 14-февралындагы № 7
Барскоон айыл аймагындагы кварталдык комитеттердин санын жана чектерин бекитүү жөнүндө жѳнүндѳ
Барскоон айыл аймагында жамааттардын жергиликтүү маанидеги маселелерде өз демилгелерин өз алдынча чечүү жана өзүнүн жоопкерчилиги менен ишке ашыруу принциптерин жүзөгө ашыруу максатында, КРнын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 57-беренесине, Барскоон айыл аймагынын жамааттынын Уставына ылайык, айылдык жыйындардын чечимдеринин жана туруктуу комиссиялардын корутундуларынын негизинде күн тартибиндеги маселени талкуулап, сунуш-пикирлерди эсепке алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
- Барскоон айыл аймагындагы кварталдык жана конуштук комитеттер жөнүндө Жобонун негизинде, Барскоон айыл аймагындагы кварталдык комитеттердин саны жана чектери 1-тиркемеге ылайык 30 (отуз) болуп, айылдар боюнча тѳмѳндѳгүдѳй бекитилсин:
- Барскоон айылында – 12 кварталдык комитет;
- Караколка айылында – 1 кварталдык комитет;
- Тамга айылында – 10 кварталдык комитет;
- Тосор айылында – 7 кварталдык комитет.
- Барскоон жергиликтүү кеңешинин төрагасы Ч.А.Ажыбековго:
- Кварталдык жана конуштук комитеттер жөнүндө Жобого ылайык кварталдык комитеттердин курамын шайлоо иштерин уюштурсун;
- Шайлоонун жыйынтыгы менен кварталдык комитеттерди кеңеште расмий каттоо жана күбөлүк берүү иштерин уюштурсун;
- Кварталдык комитеттердин ишин уюштуруу боюнча усулдук колдонмолорду иштеп чыгып, консультацияларды берүү менен кварталдык комитеттердин ишине колдоо көрсөтсүн.
- Кварталдык комитеттердин башчылары эмгек акы албагандыгын эске алуу менен алардын ишин мотивациялоо, аймактык иштердин жанданышын колдоо максатында КРнын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 4-пунктунун негизинде квартал башчылары шайланган мөөнөт учурунда сугат суусун пайдалануу акысын жана таштанды үчүн акы төлөөдөн бошотулсун.
- Кварталдык комитеттердин шайлоосун өткөрүү, ишин жандандыруу маселелерин чечүүдө Айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаев жана айыл башчылары каржылык маселелерди чечип, уюштуруу иштерине көмөк көрсөтсүн.
- Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин төрагасы Ч.А.Ажыбековго жана аткаруу жагы айыл аймагындагы округдардын депутаттык топторуна тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.