Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кызыл-Туу айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги сегизинчи сессиясынын
2025-жыл 13-февралындагы №8-11
Билим берүү уюмунун ысымын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын көрүнүктүү ишмерлеринин элесин түбөлүккө калтыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы комиссиянын жыйналышы тууралуу кеңешменин 2024-жылдын 24-июнундагы №18-5625 сандуу протоколдук тапшырмасына ылайык, Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 2025-жылдын 24-январындагы № 07-3/325 сандуу катын негиздеп, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 13-февралындагы сунуш катынын негизинде айылдык кеңештин укук, мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун протоколун жана сунушун талкуулап, Кызыл-Туу айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн Бостон айылындагы №30 Х. Кенжаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин ысымы Ишеналы Арабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби деп өзгөртүлсүн.
2. Ишеналы Арабаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби болуп өзгөртүүгө кетүүчү иш кагаздарын даярдоо менен Сузак райондук билим берүү бөлүмүнө сунуш берүү жагы Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бокошовго жүктөлсүн.
3. Бул токтом Кызыл-Туу айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага |
А. Алимов |