Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 8
Барскоон айыл аймагында коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү максатында көзөмөл камераларын орнотууга акча каражатын бөлүү жана Тамга жана Тосор айылдарына милиция бѳлүмчѳлѳрүн курууга жер тилкесин бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Коомдук тартипти сактоо жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жергиликтүү тургундар менен иш алып баруусуна шарт түзүү максатында, Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Тюлегеновдун кайрылуусун карап, КРнын “Жергиликтүү администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесине жана КРнын Жер кодексинин 18-беренесинин 3-пунктунун таянып, туруктуу комиссиялардын корутундуларынын негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жети-Ѳгүз райондук ички иштер бѳлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу К.Тюлегеновдун кайрылуусу канагаттандырылсын:
1.1. Барскоон айыл аймагында 8 даана көзөмөл камераларын орнотууга (Барскоон – 4, Тамга – 2, Тосор – 2) жергиликтүү бюджеттен 800 000 (сегиз жүз миң) сом акча каражаты бөлүнсүн.
1.2. Тамга айылына милиция бѳлүмчѳсүн курууга 0,10 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
1.3. Барскоон айыл аймагынын Тосор айылына милиция бѳлүмчѳсүн жана спорттук аянтча курууга жалпы 0,20 га жер тилкеси бѳлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу, чечүү жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу жана муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Төрага Ажыбеков Ч.А.