Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айыл аймагынын айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясынын
2025-жыл 29-январы №6
Кызыл–Ураан айылындагы ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Ураан айылындагы ичүүчү таза суунун тарифин кайрадан карап бекитип берүү жөнүндөгү «Үч-Терек таза суу” муниципалдык ишканасынын жетекчиси К.Жаманкуловдун сунушун угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 11-пунктуна ылайык, 2025-жылдын 16-январындагы Кызыл-Ураан айлындагы элдик жыйындын №1 протоколун негиздеп, Үч-Терек айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги V сессиясы токтом кылат:
1. Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын 2023-жылдын 18-декабрындагы №195 “Кызыл–Ураан айылындагы ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Үч-Терек айыл аймагынын Кызыл-Ураан айылында 2025-жылдын 01-февралынан тартып, 1м3 ичүүчү таза суунун тарифи калк үчүн 20 сом жана калкка кызмат көрсөтүү менен алектенген (коммерциялык) юридикалык жактарга 1м3 ичүүчү таза суунун тарифи, айыл аймак боюнча бирдиктүү тариф – 53 сом 10 тыйын эсебинде бекитилсин.
3. Таза суу түтүктөрү жарылган же башка авариялык учурлар болгондо калыбына келтирүү жана оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү үчүн, бекитилген тарифтен чогултулган акча каражаты жетишсиз болгон учурда, айылдын жашоочулары тарабынан кошумча акчалай материалдык жардам көрсөтүлөөрү эске алынсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
5. Бул токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу жана Үч-Терек айылдык кеңешинин веб сайтына жайгаштыруу жагы, жооптуу катчы Ч.Үметалиевага милдеттендирилсин.
6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасы: | Г.Маленов |