Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы №9
Муниципалдык менчиктеги транспортту сатуудан түшкөн каражатты бөлүштүрүү тууралуу
Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги транспортту сатуудан түшкөн каражатты “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына Уставдык милдеттерин аткарууга керектүү техникалык каражаттарды сатып алуусуна бөлүү маселесин талкуулап, сунуш-пикирлерди эсепке алуу менен Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн муниципалдык менчигиндеги КАМАЗ үлгүсүндѳгү автоунааны сатуудан түшкѳн 706,8 миң сом акча каражаты “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасына техникалык каражат сатып алууга бөлүнсүн.
2. Бѳлүнүп берилген акча каражатын ѳз максатында пайдалануу жагы “Барскоон-Сервис” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Маданбековго тапшырылсын.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.