Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы №10
“Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн
эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ”
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп, талкуулап эл депутаттарынын Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Жергиликтүү бюджетиндеги 2025-жылдын 1-январына эркин калдык 6 617,2 миң сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.
2. Жергиликтүү бюджеттен 2025-жылдын 1-январына 2307,1 миң сом “Жайыт” жана 4310,1 миң сом “Комуналдык турак жай чарбасында” анын ичинен тѳмѳндѳгүлѳргѳ жумшалсын:
1) Тамга айылындагы муниципалдык имаратты (музыкалык мектеп) оңдоого – 253,4 миң сом
2) Тамга айылына мал дарылоочу Күпкө курууга – 1 450,0 миң сом
3) Тамга айылындагы конференц-залга курулуш иштерине – 1 000,0 миң сом.
4) Тамга айылына мал дарылоочу Күпкө курууга кошумча 500,0 миң сом чыгымдалсын.
5) Тамга айылындагы Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондордун элесине арналып курулган эстеликти оңдоп түзөө жумуштарына – 300,0 миң сом.
6) Айыл өкмөтүнүн техникаларын сатуудан түшкөн – 791,0 миң сом акча каражаты, «Барскоон Сервис» муниципалдык ишканасына – айыл чарба техника алууга чыгымдалсын.
7) Башка чыгымдарга – 15,7 миң сом
3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.