Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 11
“Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн
атайын эсебиндеги эркин калдык жѳнүндѳ”
Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн финансы-экономикалык бѳлүмүнүн башчысы М.Байтерековдун айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсебиндеги жыл аягына эркин калдык жѳнүндѳгү билдирүүсүн угуп, талкуулап эл депутаттарынын Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылдын 1-январына карата Барскоон айыл ѳкмѳтүнүн атайын эсебиндеги эркин калдык 453,0 миң сом ѳлчѳмүндѳ жүргүзүлсүн.
2. Атайын эсебиндеги 2025-жылдын 1-январына тѳмѳндѳү мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын эсебине жүргүзүлсүн:
- Тамга айылындагы “Байчечекей” МЧББУна 2,1 миң сом;
- Тосор айылындагы “Бугу-Эне” МЧББУна 4,7 миң сом;
- Барскоон айылындагы “Барскоон” МЧББУна 184,5 миң сом;
- “Т.Орумбаев” атындагы МЧББУна 261,7 миң сом;
3. Каралган акча каражаттарын бекитип берүү жагы Жети-Ѳгүз райондук финансы башкармалыгынан суралсын.
4. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
5. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊешинин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.