Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 12
Барскоон айылынын тургуну А.Жумагулов менен жер тилкесин алмашуу жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун чечиминин ылайык, Барскоон айылынын тургуну А.Жумагуловго тиешелүү Барскоон айылынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан жер тилкесин муниципалдык менчикке алуу менен ага айылдын башка аймагынан жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө маселени карап, муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. А.Жумагуловго тиешелүү Барскоон айылындагы борбордук бөлүгүндө маданият үйүнүн жанында жайгашкан 0,16 га жер тилкеси муниципалдык менчикке алынсын жана ал жер сейил бак куруу багытында пайдаланылсын.
2. А.Жумагуловго Барскоон айылындагы эски бак аймагынан 0,20 га жер тилкеси жеке турак-жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жана токтомго ылайык мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Барскоон айыл аймагынын айыл ѳкмѳт башчысы А.Т.Асанбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жергиликтүү кеңештин муниципалдык менчик, жер жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.