КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2025-жылдын 17-марты ПЖ № 91
Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча
чаралар жөнүндө
Натыйжалуу башкарууну уюштуруу, туруктуу технологиялык өзгөрүүлөрдү эске алуу менен санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү үчүн шарттарды түзүү, анын ичинде жасалма интеллект технологиясын киргизүү, калктын жыргалчылыгы үчүн санариптик технологиялардын потенциалын максималдуу пайдалануу мүмкүнчүлүгүн берген санариптик мамлекеттик башкаруунун учурдагы системасын кайра түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66, 70, 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги болуп кайра аталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги төмөнкүдөй функцияларды аткарат деп белгиленсин:
1) төмөнкү жааттагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу:
– санариптештирүү, электрондук башкаруу, электрондук колтамганы пайдалануу чөйрөсү, мамлекеттик жана муниципалдык электрондук кызмат көрсөтүүлөр, идентификациялоо системасы, санариптик технологияларга бирдей жеткиликтүүлүктү камсыздоо, электр жана почта байланышы, анын ичинде радио жана телекөрсөтүү, архив иши, киберкоопсуздук (министрликтин компетенциясынын чегинде);
– спутник технологиялары, мейкиндик маалыматтары, жасалма интеллект жана инновациялык технологиялар;
2) калкты, жарандык абалдын актыларын каттоо жаатындагы мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу;
3) электрондук башкаруу жана электрондук колтамга чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын ишке ашыруу бөлүгүндө мониторинг жана контроль жүргүзүү;
4) мамлекеттик башкарууну санариптик трансформациялоонун жалпы процессин ишке ашыруу маселелери боюнча маалыматтык-коммуникациялык технологиялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин ишин координациялоо;
5) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине жүктөлгөн башка функциялар.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 425 “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин түзүмү жана курамы жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 1-пункттун жыйырма үчүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“– Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлиги;”.
4. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 12-майындагы № 122 “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
– 4-пункт күчүн жоготту деп таанылсын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) уставдык капиталында мамлекеттин 100 пайыз катышуусу менен “Түндүк” ачык акционердик коомун (мындан ары – “Түндүк” ААК) түзсүн;
2) “Түндүк” ААКка төмөнкү уюмдардын милдеттерин жана функцияларын аткарууну жүктөсүн:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесинин;
- Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин;
3) Жарлыктын ушул пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн
уюмдардын материалдык-техникалык базасын белгиленген тартипте “Түндүк” ААКка өткөрүп берсин;
4) Жарлыктын ушул пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн уюмдардын кызматкерлерин “Түндүк” ААКка ишке орноштуруу боюнча чараларды көрсүн;
5) төмөнкү уюмдарды белгиленген тартипте жойсун:
- Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу “Түндүк” мамлекеттик мекемесин;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Санариптик билим берүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
- Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу “Социалдык коргоону санариптештирүү борбору” мамлекеттик мекемесин;
- Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу “Электрондук саламаттык сактоо борбору” мекемесин;
6) “Түндүк” ААК төмөнкүдөй болуп саналары аныкталсын:
- төмөнкү органдарды жана алардын ведомстволук бөлүмдөрүнкошпогондо, мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардын, мекемелердин, фонддордун (республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин каражаттарынын эсебинен ишке ашырылуучу) маалыматтык системаларын иштеп чыгуу, модернизациялоо жана андан ары техникалык коштоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү жалгыз берүүчү болуп:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетин;
- Куралдуу Күчтөрдү, укук коргоо органдарын, прокуратура органдарын, ошондой эле маалыматтык ведомстволук системалары Кылмыштардын бирдиктүү реестринин, Укук бузуулардын бирдиктүү реестринин маалыматтарынын, кылмыш жана кылмыш-жаза процессуалдык мыйзамдарынын негизинде иштеген органдарды (сот органдарын кошпогондо);
- Бишкек шаарынын мэриясын;
7) “Түндүк” ААКтын акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигине өткөрүп берсин;
8) биометрикалык маалыматтар жана биометрикалык маалыматтарды иштеп чыгууну контролдоо чөйрөсүндөгү саясатты иштеп чыгуу боюнча функцияларды Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жеке маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик агенттикке жүктөсүн;
9) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл уюштуруучулук, финансылык жана башка чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту жана Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаменти:
1) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесинин материалдык-техникалык базасын белгиленген тартипте “Түндүк” ААКка өткөрүп берсин;
2) Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот департаментинин алдындагы “Адилет сот” маалыматтык технология боюнча мекемесин белгиленген тартипте жойсун;
3) ушул Жарлыктан келип чыгуучу зарыл чараларды көрсүн.
7. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
|
С.Н. Жапаров
|