Редакцияот 28.01.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАН-БУЛАК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кеңештин депуттарынын чогулушунун XXIX чакырылышынын кезектүү III сессиясы

2025-жылдын 28-январы  № 3/4

 

Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын

 аянтына салыктык ставкасын бекитүү жөнүндө

 

       Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде  Жан-Булак айыл аймагындагы   турак жай имараттарынын аянтына  салыктык ставкаларына өзгөртүү киргизизүү тууралуу айылдык кенешинин төрагасынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап , Жан-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин  XXIX чакырылышынын III  кезектүү  сессиясы токтом кылат;

 1.     Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 379, 380 беренелерине киргизилген өзгөртүүлөрдүн негизинде  Жан-Булак айыл аймагындагы турак жай имараттарынын аянтынын салыктык ставкасы 8,41 сом  болуп  бекитилсин.

 

2.       Бекитилген салыктын ставкасы үч жылда бир жолу учурдагы салыктык мезгилдин 1-октябрынан кечиктирбестен кайра карап чыгуу жүргүзүлсүн.

 

 

3.   Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жан-Булак  айыл ѳкмѳтүнүн башчысы У.Боскунчиевге   милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

С. Акматов