Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I -чакырылышынын III-кезектеги сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 14
Жергиликтүү бюджеттен социалдык муктаждыктарга
акча каражатын бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 29-беренесине ылайык, Барскоон айылынын тургундары Ж.Рыскулованын, Н.Орозакунованын, Тамга айылынын тургундары Б.Усупованын, Н.Раманкулованын акча каражатынан жардам берүүсү тууралуу кайрылууларын карап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Барскоон жергиликтүү кеӊеши токтом кылат:
1. Барскоон айыл аймагынын төмөндөгү тургундарына материалдык жардам катары акча каражаты бөлүнүп берилсин:
· Ж.Рыскулованын жолдошунун дарылануусуна – 30 000 (отуз миң) сом;
· Н.Орозакунованын инисинин дарылануусуна – 30 000 (отуз миң) сом;
· Б.Усупованын кызынын дарылануусуна – 30 000 (отуз миң) сом;
· Н.Раманкулованын кызынын дарылануусуна – 30 000 (отуз миң) сом.
2. Барскоон айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаев айыл өкмөтүнүн резервдик фондунан жалпы 120 (бир жүз жыйырма миң) сом өлчөмүндө акча каражатын бөлүп берүүнү уюштурсун.
3. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
4. Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жергиликтүү кеӊештин каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясына жана аткаруу жагы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.