Загрузка документа…
БАРСКООН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Барскоон айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
I-чакырылышынынIV-кезексиз сессиясы
2025-жылдын 14-февралындагы № 15
Барскоон айыл аймагынында мүлк
салыктарынын жана калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдардын ѳлчѳмүн бекитүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын Жети-Өгүз району боюнча башкармалыгынын КРнын Салык кодексинин талаптарын аткаруу, анын ичинде жергиликтүү салыктардын өлчөмүн бекитүү боюнча сунуштарын карап чыгып, Барскоон жергиликтүү кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. 2025-2027-жылдар үчүн Барскоон айыл аймагында мүлк салыктарынын өлчөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
1.1. Турак жай имараты үчүн мүлк салыгынын өлчөмү чарчы метрине 3 сомдон эсептелсин.
1.2. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгы жана турак жай эмес имараттары үчүн зоналдык коеффицент 1,2 ставкасы менен эсептелсин.
2. Барскоон айыл аймагындагы калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымдын ставкасы 2025-жыл үчүн түтүн башына 20 (жыйырма) сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Бекитилген ставкалар 2025-жылдын 1-январынан баштап эсептөөгө алына турганы эске алынсын.
4. Токтом айыл аймактын веб-сайтына жарыялансын.
5.Токтомду веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылар реестрине каттоо кеңештин жооптуу катчысы Н.Шабданбаевага милдеттендирилсин.
6. Токтомдук аткарылышын көзөмөлдөө жагы каржы-экономикалык, бюджет жана инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссияга (А.Букаровго) жана аткаруу жагы Барскоон айыл өкмөт башчысы А.Т.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага Ажыбеков Ч.А.