Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/3
Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2023-жылга аткарылышын, 2025-жылга бюджетин жана 2026-2027-жылдарга божомолун бекитүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнүн аткарылышы 43 465 900 сомго жана чыгаша бөлүгү 43 496 500 сомго бекитилсин;
2. 2025-жыл үчүн Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү 29 192 000 сомго бекитилсин:
Киреше бөлүгүнө: Кирешеден – 12 511 400 сом
Анын ичинен:
Жайыт акысы – 809 600 сом
Атайын каражат – 1 400 000 сом
Теңдештирме гранттан- 16 680 600 сом
Жалпы киреше бөлүгүнө – 29 192 000 сом
Чыгаша бөлүгүнө: АУПка – 19 243 300 сом
Клубга – 2 010 500 сом
Библиотекага – 816 400 сом
Соц коргоо боюнча – 460 000 сом
Билим берүүгө – 3 384 200 сом
“Кызарт” бала бакчасы – 490 995 сом
“Кызарт Таң Нуру” бала бакчасы – 427 280 сом
“Кызарт Келечеги” бала бакчасы – 524 106 сом
“Акжолтой Апа” бала бакчасы – 679 076 сом
“Балалык уясы” бала бакчасы – 346 543 сом
Жайыт акы -809 600 миң сом
Жалпы чыгаша бөлүгүнө – 26 982 400 сом
3. 2026-жылдын киреше-чыгашасы 30 119 800 ми сомго бекитилсин
Киреше – 13 439 200 сом
Теңдештирме грант – 16 680 600 сом
4. 2027-жылдын киреше-чыгашасы 31 288 800 сомго бекитилсин
Киреше – 14 608 200 сом
Теңдештирме грант – 16 680 600 сом
5. Биринчи кезекте корголгон беренелер ( эмгек акы, соц. фонд) жана коммуналдык
чыгымдар каржылансын;
6. Бөлүнгөн каражаттар өзүнүн беренелери менен чыгымдалсын;
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |