Загрузка документа…
КУЙРУЧУК-КЫЗАРТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын II чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2025-жылдын 16-январы № 3/4
Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2024-жылдан үнөмдөлгөн акча каражатынын (превышение) долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун жана айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык жана социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы А.Түгөлбековдун маалыматын угуп жана талкуулап, Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше-чыгашасынан ашкан жалпы 6 989 512,13 сом мунун ичинен бюджеттик каражат 6 555 977,85 сом атайын каражаттан 433 534,28 сом, анын ичинен бала бакчалардын тамак-аш чыгымдарына 323 863 сом. АУПка атайын каражаттан 109 671,28 сом акча каражаты төмөндөгүдөй беренелерге бөлүнсүн;
Бюджеттик каражаттан:
АУП ка
3111 беренеси боюнча- Долбоорлордун өздүк салымы үчүн-1 631 414 сом
2215 беренеси боюнча- Мекемелердин от жаккычтарын окутуу үчүн-50 000 сом
2215 беренеси боюнча- Кырчын участкасындагы “Кырчын” балдар лагеринин документин бүтүрүүгө-70 000 сом
3112 беренеси боюнча- Кызарт айылындагы Касымбек уулу Мамбеталы атындагы тренажердук залга инвентарь алууга-500 000 сом
3111 беренеси боюнча- Куйручук-Кызарт айыл өкмөтүнүн алдындагы “Соң-Көл” муниципалдык ишканасына гараж салууга курулуш материалдарын сатып алууга- 530 000 сом
3111 беренеси боюнча-Куйручук-Кызарт айыл аймагынын ичине 3 көпүрө салууга материал сатып алууга-500 000 сом
2221 беренеси боюнча- Куйручук-Кызарт айылынын Кызарт айылындагы кичи футболдук аянтчанын жасалма чөбүнүн үстүнө майдаланган резина сатып алууга-60 000 сом
3112 беренеси боюнча- Куйручук-Кызарт айыл аймагынын ичине жарыктандыруу коюуга-2 316 563,85 сом
2221 беренеси боюнча- Куйручук айылындагы маданият үйүнө таза суу киргизүүгө- 60 000 сом
3111 беренеси боюнча- Куйручук айылындагы жайытка кетчу жолго- 300 000 сом
Жалпы АУПка: 6 017 977.85 сом
Жайыт комитетине:
2215 беренеси боюнча-Жайыттын ар кандай чыгымдарына-538 000 сом
Жалпы жайытка: 538 000 сом
Атайын каражаттан:
АУПка
2215 беренеси боюнча-Ар кандай чыгымдар үчүн-109 671,28 сом
Жалпы АУПка:109 671,28 сом
Атайын каражаттан
Бала бакчаларга
2218 беренеси боюнча- “Кызарт” б.б тамак-ашы үчүн -92721 сом
2218 беренеси боюнча- “Кызарт Таң Нуру” б.б тамак-ашы үчүн -105588 сом
2218 беренеси боюнча- “Кызарт Келечеги” б.б тамак-ашы үчүн - 76757 сом
2218 беренеси боюнча- “Акжолтой Апа” б.б тамак-ашы үчүн -9210 сом
2218 беренеси боюнча- “Балалык уясы” б.б тамак-ашы үчүн -39587 сом
Жалпы бала бакчаларга:323 863 сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Куйручук-Кызарт айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К.Жусуповго милдеттендирилсин.
Төрага | Уланбек уулу Жыргалбек |